Куудул Гүлжайна Атаканова: «Башымдан өткөндү айтып отурсам, Мадинанын жашоосу жыргал»

Буга чейин биз “Төрөп үйгө келсем, күйөөм ойношу менен төшөктө жатыптыр. Барар жерим жок болгонунан, айла жок күндөшүм менен 10 күн бирге жашадым” деген Мадина Казакбаева аттуу 27 жаштагы келиндин тагдырын баяндаган видео тартканбыз. Видео жарык көргөн соң ага реакция кылгандар көп болду.

Куудул Гүлжайна Атаканова да бул боюнча биздин редакцияга кайрылып, жаш келинге жардам бергиси келерин айтып, Казакбаева менен жолукту.

 “Мадинанын тагдырын көрүп, ыйладым, четте карап тура алган жокмун. Анын баянын өз оозунан угайын деп келдим. Эгер мен башымдан өткөргөн күндөрдү айта турган болсом, анын жанында  Мадинанын жашоосу жыргал”  деген куудул SUPERTV’нын каарманына акчалай жардамын берди.