Куудул, сатирик Рахман Разыковдун сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 8-июнда куудул, сатирик Рахман Разыковдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын сахналаштары, достору, туугандары, мамлекеттик кызматкерлер барышкан.  Маалыматтарга караганда, куудулдун сөөгүн Тез жардам кызматы алып барган.

Рахман Разыков кечээ, 7-июнда коронавирустан көз жумган. Буга чейин куудул менен байланышканыбызда, ал коронавирус илдети менен күрөшүп жатканын айткан.