Интернет тармагына адамдардын тобу жаратылышка зыян келтирип, тоолуу аймактарда өскөн өсүмдүктөрдү квадроцикл менен тебелеп бара жаткан видео тараган. Бул тууралуу ИИМден билдириштию
Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын катышуучулары аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бири видео мындан бир жыл мурун тартылгандыгын жана ал жерден өтүү үчүн жолдун болбогондугун түшүндүрүп, келтирилген зыян үчүн кечирим сурады.
Азыркы учурда бул факты боюнча материалдар чогултулуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.