Квалификациялык категорияларды ыйгаруу үчүн мугалимдерди аттестациялоо киргизилет

Билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга алынып чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мугалимдерди аттестациялоону киргизүү алардын педагогикалык чеберчилигинин өсүшүн, чыгармачыл активдүүлүгүн шыктандырууну, алардын кошумча, үзгүлтүксүз билим берүүсүн камтыйт, бул өз кезегинде жалпы билим сапатынын жогорулашына, ошондой эле мугалимдик кесиптин кадыр-баркынын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Ошондой эле долбоордон кийин жана мугалимдерди аттестациялоону киргизүү менен мугалимдерге «Экинчи категориядагы мугалим», «Биринчи категориядагы мугалим», «Жогорку категориядагы мугалим».  квалификациялык категорияларды ыйгарылат.