КВНдин алып баруучусу Александр Масляков каза болду

Бүгүн, 8-сентябрда белгилүү теле алып баруучу, Орусиянын Эмгек сиңирген ишмери Александр Масляков каза болду. Бул тууралуу КВНден билдирди.

Масляков 1964-жылдан бери КВНди алып барат. Анын буга чейин рак илдети менен ооруп жатканы айтылган. Ал 83 жашта болчу.