Күйдүргүгө шектелип Сузак районунун 8 тургуну ооруканага жаткырылды

Сузак районунда күйдүргү оорусуна шектүү 8 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, диагноз лабораториялык түрдө төрт бейтаптан тастыкталган. «Алар дарыланып жатышат. Дагы төрт бейтаптын анализдери эртең даяр болот», — деди ал. Бөлүм башчы кошумчалагандай, байланышта болгон 20 адам бар, алар азыр көзөмөлдө. «Көрсө, алар оорулуу уйду союуга катышкан экен», — деди ал.

10-сентябрда Аксыда 7 адам күйдүргүгө кабылган деген шек менен ооруканага түшкөнү маалым болгон. Алар союлган малдын ичеги-карындарын тазалашкан. Кийинчерээк алар менен байланышта болгондордун саны 41 адамга жеткени маалым болгон. Кара-Суу айыл аймагынын Жүзүмжан айылына 14-сентябрдан баштап бир айлык мөөнөткө карантиндик чектөө киргизилген.