«Кыйкырып чыкпагыла». Мындан ары окуучулар классын өзү жыйнай турган болот

Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева мындан ары окуучулар мектепте өз классын жыйнай турганын айтты.

«Балдар өзүн-өзү тейлөө, бирөөнүн эмгегин баалоо жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу максатында башталгыч класстан баштап, өзүнүн классын жыйноо системасы кирет. Төмөнкү класстан жогорку класска чейин. Укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыкпагыла. Бирөөнүн короосун же үйүн жыйнабайт. Бул үчүн дагы башка өлкөлөрдүкүн карап жатабыз», — деди ал.