«Кыйноо, зордуктоо, өлүмгө дуушар болушууда». Укук коргоочулар президенттен Балдар кодексин кабыл алууну суранышууда

Балдардын укугун коргоочулар, активисттер жана коомдук уюмдар балдардын укугун коргоо боюнча президентке кайрылуу жасашты. Алар Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алууну суранып жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Кайрылуунун тексти:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Тилекке каршы, өлкөдө балдардын укуктары корголбой, алар ар кандай кыйноо жана зордуктоолорго дуушар болуп, бул дүйнө менен кош айтышкан учурлар да болууда. Өлкөдө балдарды коргоо механизми жана балдарды коргоо боюнча атайын бекитилген социалдык кызматкерлер жок. 2021-жылы 400 бала зомбулуктан жабыркаган, ал эми 2022-жылдын акыркы 2 айында 3 бала жабыркады. Бул өзгөртүүлөр сиз колдойбуз деп убада кылган Балдар кодексинин жаңы редакциясына киргизилди. Тилекке каршы, балдар кодексинин жаңы редакциясы Жогорку Кеңеште каралбай, Конституцияны бузуу менен, аны жокко чыгаргылары келип жаткандыгы анык. Сизди Кодекске өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок, ага 9 миллиард сом кетет деп туура эмес маалымат беришүүдө. Бул жалган! Балдар кодексине өзгөртүү киргизүүнүн такталган бюджети болгону 160 миллион сомду түзөт. Сизден Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алып, мекенибиздин эртеңки келечеги болгон, балдарыбызды зордук-зомбулуктан коргоого көмөктөшүүңүздү суранабыз!».