Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Биз Мелис Аспеков менен жолукканбыз»

Кечээ, 12-май күнү социалдык тармактарга пара алууга шектелип кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан Мелис Аспеков УКМКда психологиялык жана физикалык жактан зомбулукка дуушар болуп жатканын жазып чыкты. Мындан тышкары, алар Аспековдон Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө ала албай жатканын айткан.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков менен байланышты. Ал буга чейин Мелис Аспековго жолукканын айтты.

«Менин азыр жанымда документтер жок болгондуктан, толук маалыматты жумуш күнү берем. Бирок биз аны менен буга чейин жолукканбыз», — деди ал.