Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Камактагы министр Алмазбек Бейшеналиевдин астмасы болгону үчүн дары ичип жатат»

Кечээ, 29-сентябрда Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барышкан. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкер барган учурда убактылуу кармоочу жайда 29 жаран болгон. «Ошол эле жерде кызматкерлер билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушту. ЖМКлар жазышкандай, ал пара талап кылууга шектелип жатат. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө анын астмасы болгондуктан ага кызматкерлер жанында болгон дарысын ичүүгө уруксат бергенин айтты», — дешти. Кыйноолор же катаал мамиле боюнча эч кандай дооматтар болгон эмес.