Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугу начарлап кеткен»

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-1ге барып, ден соолугу начарлап кеткен блогер Ырыс Жекшеналиев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Жекшеналиевдин айтымында, 2 күн мурун кезектеги сурак учурунда анын кан басымы көтөрүлүп кеткен. Ушул себептен улам, сурак токтотулуп, ал медициналык кароого алынып, анын жүрүшүндө МРТдан да өткөн, анткени мурда, камакка алынганга чейин ал баш мээсинен жаракат алган жана омурткаларында, жүрөк кан тамырларында көйгөйлөр болгон. 

Жекшеналиевден СИЗОнун жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасалгандыгы тууралуу арыз түшкөн эмес.