Кыйноолорду алдын алуу борборунан камактагы активисттер жана саясатчыларга барышты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына, Сокулук жана Аламүдүн РИИБине, ошондой эле Коомдук коопсуздук кызматынын борборунун атайын кармоочу жайына барышкан. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Улуттук борбордон билдиргендей, анда 23-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 36-278 8-беренеси (массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) боюнча шектелип кармалган активисттер, блогерлер, саясатчылар жана журналисттер бар. Укук коргоочулардын айтымында, камактагылардан кыйноо же катаал мамиле боюнча арыз түшкөн эмес. Алар матрацтар, жууркан-төшөк, шейшептер, гигиеналык буюмдар жана самын жана жуучу каражаттар менен камсыз кылууну суранышкан.