Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерин Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизбей коюшкан

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков жетектеген кызматкерлеринин кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу фактысын иликтөө өтүнүчү менен борбор өкүлдөрү Ош шаарынын прокуратурасына кайрылышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-ноябрда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып, улуттук борбордун өкүлдөрү алдын ала текшерүү жүргүзүшү керек болчу. Бирок кабыл алуу үчүн бардык керектүү документтер жана коргонуучу буюмдар болгонуна карабастан, аталган топту мекемеге киргизүүгө тыюу салынган. Борбордун кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү катын кабыл алуудан да баш тартылган. Убактылуу кармоочу жайдын башчысы Сагынбек Жээнбаев тарабынан аталган жайга кирүүгө жол берилбей жаткандыгы тууралуу жеринде акты түзүлүп, арыз жазылган.

Убактылуу кармоочу жайдын аймагына кире бериште эксперттик топ тарабынан Улуттук борбордун жетекчилигинин колу коюлуп, гербдүү мөөр басылган жолдомону да көрсөтүшкөн. Бирок мекеменин жетекчиси жана нөөмөт кызматкерлери жазуу жүзүндөгү корреспонденцияны кабыл алуудан жана каттоодон баш тартышкан. Ага ылайык, борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүсү так көрсөтүлгөн мыйзамынын 29-беренеси одоно түрдө бузулган. Ушуга байланыштуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Ош прокуратурасынан борбордун кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган фактылар боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү өтүнөт.