«Күйөө балам чалып, үзүлүп кетти деди» дейт Чүйдө төрөттөн каза болгон келиндин апасы

10-февралда Жайыл райондук аймактык ооруканасына 36 жаштагы келин түшүп, 11-февралда көз жарып, эртеси каза болгону тууралуу маалымат тараган. Келин 9-баласын жарыкка алып келген. Маркумдун жолдошу SUPERTV’га маек берди. Ал жубайын дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болду деп эсептейт. Маркумдун жакындары жана жолдошу ошол күнкү окуяны айтып беришти.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0706 40 59 40.

«Биз шорпо даярдап алып баралы деп жатсак эле, күйөө балам чалып, кызымдын акыбалы өтө оор экенин айтты. Барып эле «үзүлүп кетти» деген кабарды уктук. Кесарево кылгыла деп сурансак деле болбой коюшту. Жалдырап суранып жаттык. Артында 9 бала калды. Бизди сыздатып гана кете берди», — деди апасы.