«Күйөө баламдын кызымды «кедейсиңер, билимиң жок» деп кемсинтип жатканына чыдабай, алып кетип калгам» дейт эне 

Биздин бул жолку каарманыбыз 21 жаштагы эки балалуу эне. Ал Бишкектин четинде жайгашкан таштанды полигонунун жанында жашап, желим бөтөлкө чогултуп, балдарын багарын айтат. 16 жашында турмушка чыккан. Мектепке билим алуу үчүн такыр эле барган эмес. Каарманыбыз муну жашаганга туруктуу жери жок болгону менен түшүндүрөт. Турмушка чыккан соң, «жолдошум билим албаганымды, тамга тааныбаганымды айтып сабачу» дейт ал.

«Жолдошум менен 3 жыл жашадым. Мени сабап, урушуп, кемсинте бергенинен кетип калгам. Күйөөм “кедейсиң, билимиң жок” деп таштап кеткен»,— дейт каарман.

Ал эми анын апасы кызын окута албай калганын айтып кейип, кызынын таштанды полигонунда күнүмдүк тиричилик үчүн иштерин айтат. «Жолдошу жок аял кишини баары эле туура түшүнөт деп ойлойм. Эки баласын багам деп иштеп жүрөт. Менин  ушул эле кызым бар. Кызым жумушка кеткенде неберелерим мени менен калат. Өзүм ооруйм. Күйөө баламдын кызымды «кедейсиңер, билимиң жок» деп кемсинтип жатканына чыдабай, алып кетип калгам»,- дейт эне.