«Күйөөм чаарала дейт» деген келин эгиз төрөдү. Ал «5 кызым менен барарга жерим жок» дейт

Эсиңизде болсо мындан 1,5 ай мурда Назгүл Ахматова аттуу келин SUPERTV’га кайрылып, өз тагдырын айтып берген эле. Каарманыбыз ал кезде кош бойлуу болчу, ал кечээ жакында көз жарды. Эгиз кыздарды жарыкка алып келген ал төрөттөн кийин бизге маек берип, төрөтканадан чыккандан кийин, барарга жери жок экенин айтат. 

«Төрөтканага 8-июлда келгем. Ошол эле күнү операция жолу менен төрөдүм. Мени ооруканага тааныш эже алып келди. Негизи мен ооруканага дарыгерге көрүнөйүн деп эле келгем, бирок операция жасаш керек деп алып калышты. Кыздарым жакшы экен, кечээ көрдүм. Менде баары жакшы. 3 кызым менен башынан эле квартирада турчумун. Кыздарым азыр тааныш эженин үйүндө. Паспортум даяр болду. Видеого чыккандан кийин жолдошум чалды. «Интернетте эмне кылып жүрөсүң?» дегендей кылды. Биз баары бир чогуу жашай албайбыз»,- деди ал.