“Күйөөм жарашалы деп жатат” дейт SUPERTV’нын каарманы

Былтыр жайында Назгүл Акматова аттуу келиндин тагдырын тартканбыз. Ал “жолдошум бычак такаганда 3 кызымды алып үйдөн чыгып кеттим” деген. Каарманыбыз ал кезде кош бойлуу болчу, кийин эгиз кыздарды жарыкка алып келген. Ал эми азыр ал кайда жашап жатат, учурдагы турмушу кандай, SUPERTV алып баруучу Назира Бердигулова менен биргеликте Назгүл Акматовадан кабар алып келди. Келин үйлүү болгонун айтты. 

«Жолдошум чалып турат. Кыздарынын абалын сурап турат. Ал дагы колунан келген жардамын берип турат. Жолдошум жарашалы деп жатат. Мен терең ойлонушум керек деп айтам. Ал боюнча эч нерсе деп айта албайм», — деди ал.