«Күйөөм жаш кызга үйлөнүп, бизди таштап кетти. Балдарымды мечитте кайыр сурап багам» дейт келин

Биздин бул жолку каарманыбыз 6 айлык наристесин колуна көтөрүп, андан улуураак балдарын жетелеп, борбор калаадагы мечиттердин биринин айланасында жанында тилемчилик кылат. Ал мындай турмушка кантип тушугуп калганын айтып берди.

«Менин атым Гүлмира. 1986-жылы туулгам. Тун уулум 6 жашта, кызым 5 жашта, колумдагы кызым 6 айлык. Балдарымдын атасы 16 жаштагы кызга үйлөнүп алды. Мен андан 10 жаш улуу болчумун. Жолдошум 1995-жылкы»,- деди ал.

Ал 16 жаштагы кыз менен жолдошун үйдөн кууп чыккан соң, кайра келбегенин айтты. «Орусияда деп уктум. Ошол кызга үйлөндү деп айтышты. Ошондон кийин балдарым ачка калып калышты. Мечитке барып, тилемчилик кылам. Милиция «кайыр сураба» деп, 2 баламды алып койду. Кыйналганымдан жолдошумдун үйүнө да баргам. Мени жаш кызга сөктүрүп, жүрөгүмдү оорутту. Кууп жиберди. Ушинтип балдарымды мечитте кайыр сурап багам», — деди келин.