«Күйөөм каза болгондон кийин балдарым карабай кетти» дейт 50 жаштагы аял

SUPERTV бул жолу биз 50 жаштагы Акмөөр Алашованын башынан өткөн оор тагдырын баяндайт. Каарманыбыз учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен бир бөлмөлүү батирде жашап, ооруканада пол жууп иштейт. «Жолдошум каза болгондон кийин балдарым карабай кетти» дейт ал.

«Көп жылдан бери квартирада жашайм, 5 миң сомдон төлөйбүз. Кызым экөөбүзгө ылайыктуу деп кирип алганбыз. Өзүм ооруканада пол жууп иштейм. Жолдошум каза болуп калган. Көзү өтүп кеткенине 11-12 жыл болду. 5 балам бар. Аларды өзүм багып, чоңойтуп келе жатам. Нарында турчубуз. Жолдошум каза болгон соң, бир жылдан кийин айылда жумуш жок деп, көчүп келгенбиз. Эркек балдарым кайын журттун колунда мага келишпейт, катташпайт. Эки кызым менен жашап келдим, бирөөсү турмушка чыкты. Турмушка чыккыча иштеп бакчу, турмушка кеткен соң, өзү менен өзү. Келгенде дайыма ыйлайт. «Ушинтип эле өтүп кетесиңерби» дейт. Мен деле канча жашайм билбейм. Жолдошум каза болгондон кийин балдарым карабай кетти», — дейт ал.