SUPERTV’нын бул жолку каарманы Бактыгүл Аскар кызы. Ал учурда кош бойлуу. Мына-мына көз жарам деп ай-күнү жетип турат. Бирок анын барар жери жоктугунан шаардагы сейил бактардын биринде айла таппай отураганын айтты.
Ал биздин редакцияга мындан 3 жыл мурда да кайрылып, күйөөсү «түрүң суук» деп кемсинтип, балдары менен чогуу үйүнөн кубалап салганын айткан эле. Ал арада келин күйөөсү менен жарашкан. Бирок жолдошу келиндин боюна бүтүрүп, эки баласын алып, аны таштап кеткен. Каармандын айтымында, аны пайдаланып кеткендер да болгон. «Жашоом оңолбой койду. Балдарымды күйөөм тартып кетти. Жашайм деп алдап, боюма бүтүрдү. Балдарымды жакшы эле багып жаткам. Ортодо бир кыз балдарымды соцжардам менен алдыртты. Анан күйөөм эки баламды алып кетип калды. Азыр барарга жерим жок, ачка жүрөм. Күйөөм менен 10-15 күн жашадым. Баланы алдыртам деп, алдырта албай калдым. Акчам жеткен жок», — деди ал.
Каармандын айтымында, ал күйөөсүн деле жакшы көрбөйт, бирок балдары үчүн жашаганга даяр болчу. «Мени дагы эле басынтат. Эч кимиң жок, балдарды бербейм дейт. Сага курсактагы эле балаң жетет деди», — дейт ыйлаган келин.