«Күйөөм, кызым, күйөө балам мени байлап, жер төлөдө кармашты» деген аял Акыйкатчыга кайрылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратында болду. Ага 170 жаран барган.

Каракол шаарынын жашоочусу тергөө жана сот органдары үй бүлөлүк зомбулук тууралуу анын арызын толук карабай коюшканын айтып, анын укуктарын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү өтүндү.

“Туугандарым – күйөөм, кызым жана күйөө балам мени байлап жер төлөдө кармашты. Бул окуя эки жыл мурда болгон, бирок алар эмдигиче жазасын алыша элек. Ал эми өз маалында чара көрбөгөн тергөө органдарынын кызматкерлери дагы жазаланышкан жок. Болгону күйөөмө карата иш козгошту — сот аны шарттуу жазалоо тууралуу чечим чыгарды. Кайсы жакка кайрылбайын баары тең ары-бери жөнөтүшөт. Ысык-Көл облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өздөрүнүн билдирмелеринде бардык бузулууларды көрсөтүшкөнүнө карабай, тиешелүү мамлекеттик органдар кат жазып коюп гана отурушат”, — деп нааразы болду аял.

Облустук прокуратуранын өкүлү “арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн” деп жооп берди.

“Милиция кызматкерлерине карата даттануучунун арызы боюнча бардык чаралар көрүлгөн. Ал эми анын арызы боюнча сот чечим чыгарган”, — деди прокуратуранын кызматкери.