«Күйөөм мени «чаарала», «тиши жок кемпир» деп басынтчу». Ала оорусу менен жабыркаган келиндин тагдыры

Жакында эгиз кыздарымды жарыкка алып келем. Күйөөм мени “чаарала”, “тиши жок кемпир” деп басынтчу. Мындай аянычтуу тагдырын 28 жаштагы Назгүл Ахматова айтып берди. Келиндин 3 кызы бар. Учурда кош бойлуу. Ал эгиз кыздарын жарыкка алып келем деп камданып жаткан чагы.

«Турмушка 18 жашымда чыккам. Улуу кызым биринчи турмушуман. Жолдошумдун башка аялдарга барып жүргөнүн билсем да чыдап жүрдүм, бирок кайын-журтумдун мени батырбай жатканы үчүн 1,5 жыл жашагандан кийин кетип калгам. Үйгө келдим. 2-3 айдан кийин кызым атасы жок өспөсүн деп, 7 айында экинчи жолу турмушка чыктым. Бирок мен ага жакшы жашайм, бактылуу болом деген ой менен эмес, кызым атасыз өспөсүн деген ой менен чыккам. Анткени мен биринчи турмушум болбой калгандыктан, экинчисине даяр эмес болчумун. Үйлөндүк. Ошондон баштап жашообуз деле жакшы болгон жок. 6 жыл ызы-чуу болуп жашадык», — дейт Назгүл Ахматова.

Ал мындан тышкары, учурдагы күйөөсү бычак такаганда 3 кызын алып үйдөн чыгып кеткенин айтты.

«Ал азыр да коркутуп чалат. Күйөөгө тийип кетсең, үч кызымды бер деп айтат. Мен баары бир апасымын, ага берген күндө да ал жакшы карабайт. Андан көрө сый мамиледе бололу дедим. Мас кезинде сабайт, бычак такаган күндөрү болгон. Видеого да тартып алгам. Милиция чакырган күндөрүбүз да болду. Дегеним, милицияны да мага жаны кейиген кошуналарыбыз чакырыптыр. Мен 6 жыл жашап, милиция чакырганды ойлобоптурмун. Азыр да мага башка күйөөгө чыгып кеттиңби деп айтат. Менин ушул кебетем менен ким алмак эле. Баары айтат мага 3 кызың менен жашай бербейсиңби деп, бирок ал мени «чаарала», «тиши жок кемпир» деп басынтчу. Көңүлүң да калып калат экен», — дейт келин.