«Күйөөм мени «тамга тааныбайсың» деп кемсинтип, таштап кеткен» дейт жалгыз бой эне

Биздин бул жолку каарманыбыз 21 жаштагы эки балалуу эне. Ал Бишкектин четинде жайгашкан таштанды полигонунун жанында жашап, желим бөтөлкө чогултуп, балдарын багарын айтат. Каарманыбыз 16 жашында турмушка чыкканын, өздүгүн тастыктаган документ албаганын, эл катары мектепке барып окубаганын, мындан улам ар кандай кемсинтүүлөргө дуушар болуп келгенин айтып берди.

«Күйөөм мени карабай таштап кеткен. Мен мектепте окуган эмесмин. «Сен тамга тааныбайсың» деп кемсинтип, басынтып таштап кеткен. 2016-жылы турмушка чыккам. 16 жашта болчумун. Батирден батирге көчүп жүрүп, туруктуу жашаган жерибиз жок мектепте да окубай калгам. Балдарымды таштанды таштоочу жайдан бөтөлкө терип, багам. Жумуш эртең менен саат 8-9дарда башталат. Түнкү саат 10-11ге чейин иштейм. Мен жумушка кеткенде балдарымды апам карайт»,- дейт келин.