«Күйөөмдү ойношу менен кармап, андан качып баратып, жолдо эгиз төрөдүм» дейт келин

Биздин бул жолку каарманыбыз турмушта көп запкы көргөнүн айтат. Үч балалуу жалгыз бой эне учурда шаар четиндеги ным тарткан жапыз үйлөрдүн биринде турат. Нурзат Бейшееванын балдарынын уулусу биринчи класста окуса, кенжеси 11 айлык. “Курбумдун инисине турмушка чыгып, бактылуу боло алган жокмун. Жолдошумду ойношу менен төшөктө кармап алгам” дейт каарманыбыз. Ал өз башынан өткөргөн күндөрүн эстеп, айтып берди.

«Колумда кичинекей 11 айлык балам бар. Эч жерге жумушка албайт. Иштейин десем колум кыска. Андан тышкары 2 балам бар. Алар да кичинекей, караш керек. Жөлөк пул эле алып жашайм. Ал 2400 сом. Өзүм Ысык-Көлдө туулгам. Жолдошум баткендик. Кайнежем экөөбүз курбу болчубуз. Ошентип таанышып калгам. Лейлекте баш коштук. Анан боюмдагы балам менен Бишкекке көчүп келдик. 8 айлык боюмда бар кезимде кошунамдыкына чай ичип, сүйлөшүп бүтүп үйгө келсем, эшик бек, эч ким ачпайт. Дос баласы эле келип алып, аяш жүрү тигил жакка барып туралы деп эле аткан. Эшикти жулуп кирсем эле, күйөөм ойношу менен жатыптыр. Мен абдан жаман акыбалда болдум. Мени жаакка да чаап жиберди. Эшикке чыктым, кайра кирип, кызга асылып, чачын жулуп салыптырмын. Милиция чакырдык. Бат эле келишти. Жолдошумду алып кетти. 1-2 күндөн кийин Ысык-Көлгө качып кеттим. Улуу баламды жолдо төрөдүм. Эгиз болчу, бирөөсү чарчап калган», — дейт ыйлаган келин.