«Күйүп калгандан кийин жашоом өзгөрүп кетти» дейт жолдошу 2 уулу менен таштап кеткен келин

Биздин бул жолку каарманыбыз 27 жаштагы Ырыскүл Съездбек кызы. Ал былтыр газ менен жүрүүчү унаада бара жатканда жолдошу чеккен тамекинин учкунунан жалын тутанып, газ жарылып, денесинин 80 пайызы күйүп калганын айтат. Съездбек кызы “Ошол окуядан соң бети-колум жагымсыз болуп, манжаларым бирине-бири жабышып калды. Ушундан улам, жолдошум мени чанып, сиңдиме кетип калды” дейт.

«Убагында жолдошум артыман жакшы эле чуркаган. Жакшы жашадык. 2 уулдуу болдук. Күйүп калгандан кийин эле жашоом башкача болуп, өзгөрүп кетти. Ушундай болорун элестеткен эмесмин. Учурда ата-энемдин үйүндө жашап жатам. Кайын журтума нааразычылыгым жок, аларды сыйлайм. Сый боюнча эле калгым келет», — деди ал.