Күйүүчү май аткезчилик жолу менен ташылып жатат деген маалыматты УКМК четке какты

иллюстрация

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда күйүүчү майды Тажикстандын аймагына контрабандалык жол менен ташуу боюнча жайылтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, видео материалдарда көрсөтүлгөн күйүүчү майды ташуучу унаалар, күйүп кеткен май куюучу жайлардын күйүүчү майды сактоочу жерлериндеги күйүүчү майды чыгарып жатышкан.

«Учурда контрабандалык жүктөрдү алдын алуу боюнча МСК, МАИ, РИББ жана УКМК Мобилдик топторунун башкармалыгынын инспекторлорунун курамында Лейлек районунда 3 жерге мобилдик посттор орнотулду. Лейлек районунун аймагына кирип жаткан күйүүчү-майлоочу май Тажикстанга экспорттоонун алдын алуу иштери тийиштүү тартипте көзөмөлдөнүлөт. Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин, Салык кызматынын инспекторунун катышуусунда узатылып жүргүзүлөт. Күйүп кеткен күйүүчү-майлоочу материалдарды май куюучу жайлардан кайтарып алуу иштери, Салык кызматынын инспекторлорунун катышуусу менен жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Май куюучу жайлардын тизмеси

Дареги Май куюучу жайлардын аталышы Объекттин түрү
1 Арка Асман Ойл 29 күйүп кеткен
2 Жаштык БС Петрол күйүп кеткен
3 Арка Россия күйүп кеткен
4 Арка Ала-Тоо күйүп кеткен
5 Арка Асман ойл 22 күйүп кеткен
6 Арка Асман ойл 42 күйүп кеткен
7 Арка “777” күйүп кеткен
8 Арка Бостон күйүп кеткен
9 Арка Шоро күйүп кеткен
10 Арка НБК күйүп кеткен
11 Арка Росснефтьгаз күйүп кеткен
12 Арка Бектур күйүп кеткен
13 Арка Жаштык күйүп кеткен
14 Арка Келечек күйүп кеткен
15 Арка Салават күйүп кеткен
16 Арка Достук күйүп кеткен
17 Арка Бек күйүп кеткен
18 Арка Асман Ойл 5 күйүп кеткен
19 Арка Асман ойл 21 күйүп кеткен
20 Арка Силквей күйүп кеткен
21 Арка Бостон 1 күйүп кеткен

Бүгүн, 4-майда соцтармакта Баткенде күйүүчү-майлоочу майды Тажикстанга ташуу уланып жаткандыгын айтышып, унаалардын видеосун интернетке жарыялашкан эле.