Кымбатчылык эми күйүүчү майдын баасына жетти

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы февраль айында 2,5-3,5 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Мекеменин айтымында, Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасы жогорулашы Орусиянын мунайзат рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жатканы менен байланыштуу. Орусияда учурда бензин орто эсеп менен тоннасына 91,6 долларга, дизель тоннасына 25 долларга кымбаттаган.

Ошондой эле ассоциация күйүүчү майдын наркынын көтөрүлүшүн доллардын курсу өлкөдө 85 сомго жеткени менен да байланыштырды.

Учурда өлкөдөгү май куюучу жайларда бензиндин (АИ-92) баасы 37 сом 5 тыйынды түзсө, дизель 37 сом 40 тыйындан сатылууда.