Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берди.
«Мага каршы козголгон кылмыш иштердин баары жок жерден ойдон чыгарылган иштер. Тез арада дарыланышым керек. Ден соолук 3,5 жылда жайланды. Өткөн жылы 47-абактан билесиңер да, карда ич кийим менен сүйрөп чыгып, омурткама доо кеткен. Учканы жатам. Кайра кайтам. Калган иштер деле эртели-кечпи жокко чыгарылат. Мен жооп бергенден эч качан коркпойм», — деди ал.
Бүгүн, 14-февралда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Буга удаа эле санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. Мурдагы өлкө башчысын Кой-Ташта үй-бүлөсү тосуп алууга даярданып жатканы маалымдалды.