Кылмыштуулук менен күрөшүп, ыр да жазган милиция кызматкери

Мурзакулов Мирболот Курбанбекович 32 жашта, 3 кыздын атасы. Ал Баткен ОИИБдин катчылыгында жашырундуулук режим боюнча тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты.

2015-жылы жумушка кабыл алынып, алгачкы кызматын ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын катардагы милиционери болуп баштаган.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө айдоочу, “Касым Шадыбеков” атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчү нөөмөтчүсү, Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчү нөөмөтчүсү болуп, 2023-жылдын жай мезгилинде Баткен ОИИБге которулуп, катчылыктагы жашырундуулук режим боюнча тескөөчү болуп эмгектенүүдө.

Мирболоттун жан дүйнөсү адабиятка, поэзияга жакын болуп, 23 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Алгачкы ырын Мекенге арнап, кийин апасына, досторго, аялына арнап жазган. «Кандайдыр бир окуядан катуу таасирленсем, ошондо ыр жазуу сезимим ойгонот» дейт ал.

Энекем

Алтын энем, асыл энем, ардагым,
жашоо берген, өмүр берген адамым.
Канча күндөр, кыйналып сен чоңойттуң,
жаным энем, ак сүтүңдү актаймын.
Атам болдуң, энем болдуң энекем,
күндөрүмдү сагындым, сен эркелеткен.
Кайда барсаң, дайыма ыйлап ээрчип,
жаштыгымда, сени кыйнап тентек элем.
Жылдар өттү, айлар өттү арадан,
азыр сенин чачтарынды ак баскан.
Жаштыгынды өмүрүңдү бизге арнап,
ааламда жок го деймин сендей адам.
Канча кыйын күндө дагы чыдадың,
балаң үчүн канча жолу кыйналдың.
Актай албайм ак сүтүңдү энекем,
сенсин менин мойнумдагы тумарым.
Мен оорусам сен да кошо ооруйсуң,
күлсөм эгер дайым кошо күлөсүң.
Карааныңдан кагылайын энекем,
билемин мен, мен деп жашап жүрөсүң.
Энем бактым, энем менин таалайым,
арабызда аман болгун ар дайым.
Энем болсо башкасы кереги жок,
Алладан жалгыз ушул суранаарым.

Мен милиция

Мен милиция арыздарды каттаган,
мен милиция талыкпаган шашпаган,
чек арада болуп калса бир көйгөй,
курал алып чек арага аттанам.

Мен милиция элдин билген маанайын,
өз ишинде ар убакта ар дайым,
кыйынчылык татаал ашуу белдерде,
артка кайтпай күчөй берген ансайын.

Мен милиция кылмышкерди кармаймын,
мекениме берген анттан тайбаймын.
Мен милиция угуп алгын Ата Журт!
Мага ишенген милдетимди актаймын.

Мен милиция караңгыда жол сызган.
Мен милиция керек болсо окко учкан.
Мен үчүн турбайт өйдө эч нерсе,
милдеттен, мекен менен намыстан!

Мен милиция коопсуздукту караган.
Бейпил жашоо тынчылыкты самаган.
Мен милиция ушул менин аймагым,
Тынч уйкуда жатса деймин ар бир жаран.

Мен милиция билим менин куралым,
Тартип менен тазалык бул урааным.
Сапта турган ар бир сержант, офицер,
Аман болгун кесиптешим тууганым.