Күмөндөр Абылов таксидеги окуя боюнча комментарий берди

Кечээ, 13-мартта социалдык тармактарда «эркек киши такси айдаган аял менен уруша кетти» деген видео жарыяланган. Видеодогу кишинин Күмөндөр Абылов экени да маалымдалган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов менен байланышып, комментарий алдык. Анын айтымында, окуя 10-мартта саат 20:00 чамаларында болгон.

«Достук» мейманканасындагы ресторанда пенсионерлер чогулган иш-чара болгон. Мени катышып, сөз сүйлөп берип коюңуз деп чакырышкан. Мен барып, сөз сүйлөп эле кете берейин деп такси чакырдым. Келди. Мен унаанын арткы орундугуна отурсам дайыма башым айланат. Ошол үчүн алдына отурам. Мындай болуп кетерин билбей эле, адатымча алдыңкы орундукка отурдум. Алдыңкы орундуктун жөлөнгүчү алдыга жылдырылган экен. Аял болсо, башын телефондон алган жок. Мен жылдырып, коопсуздук курун тагайын деп жатсам газды басты. Отургуч тарс этип жылып кетти. Сиздин унааңыз эмес, абайлабайсызбы дегендей сөз айтканда, мен «акырын козголбойсуңбу» дедим. «Урушкуң келип жатабы?» дегенде дагы бир жаман сөз айтты. Мен айтат элем, такси айдап баштаганда окутуп туруп анан алышса.

Анан эле уруша баштады. Мен «токтотуп кой» деп түшүп, эшикти жапсам, коопсуздук курунун темири унаанын эшигине илинип калыптыр. Аял артыман түштү. Мени сөгүп баштады. Унаасынын ичинде камера, колунда телефондун камерасы бар экен. Өзүнүн ыңгайына карап видеону кесиптир. Мени сөккөндөрүн алып салыптыр. Оң колумда папкам бар болчу. Ал кол көтөрө баштаганда мен бир колум менен коргонуп жаттым. Бетимди тытып албаса экен дедим. Башка такси чакырып жатсам, менин сыртта турганымды тааныш бала көрүп калып, айланып келип салып кетти. Соцтармактарды карап, бул окуядан кийин мен боюнча жаман сөз жазып жаткандар да бар экенин, мага болушуп жаткандарды да көрдүм. Мен да аялдын үстүнөн милицияга арыз жазсамбы деп ойлонуп жатам»,- деди ал.