Эртең, 20-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Таласта, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында катуу жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +26…+28 градус болот.