Күндүн сүрөтү: Караколдун кулап калган балатысы тамашалуу пикирлерди жаратууда

Каракол шаарынын борбордук аянтында орнотулган Жаңы жылдык балаты кулап калды. Мэриянын маалыматы боюнча, балатынын конструкциясы катуу шамалдан улам жерге жатып калган.

Учурда социалдык тармактарда балатынын сүрөтү түрдүү тамашалуу пикирлерди жаратууда. “Кечээ, 13-январда эски Жаңы жылда балаты көп майрамдап койгон го” деген сыяктуу комментарийлер жазылып жатат.

Караколдо орнотулган балатынын бийиктиги 20 метрден ашат жана анын жасалышына 1 миллион сомдон ашуун каражат коротулган.