Күндүн ысыгына байланыштуу Ош мэриясы шаар ичиндеги көчөлөргө суу чачууда (видео)

Ош шаардык мэриясы күндүн ысыгында шаардыктарга позитивдүү кам көрүүдө. Мэриянын «Тазалык» бөлүмү шаар ичиндеги көчөлөрдө бир аз болсо да салкындык жаратуу үчүн суу чачып жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөөрүн эскерткен. 4-июлдан 6-июлга чейин абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы; 7-8-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.