«Күнөөнү кыйнап мойнуна алдырышкан». Уулу 25 жылга соттолгон эне акыйкаттык издеп жүргөнүн айтты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратында болду. Ага 170 жаран барган.

Акыйкатчыга уулунун укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен улгайган аял кайрылды. Анын айтымында, милиция кызматкерлери аялды өлтүрдү деген күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн анын уулун кыйнашкан.

“Аны уруп-сабап, кыйнашкан, басынтышкан — шымын чечип зордуктайбыз деп коркутушкан. Кайда гана кайрылган жокмун — баары жыйынтык бербей жатат, уулумдун укуктарын коргой албай жатам. Сот баламды 25 жылга кести. Укук коргоо органдары уулумдун киши өлтүрүүгө күнөөлүү экенин далилдей албасына көздөрү жеткенде сарайдын чатырына баңгизаты бар капты ыргытып кетишкен. Мен баламды түрмө үчүн төрөгөн эмесмин. Биздин үйдө иликтөө иштери үчүн тинтип жатышканда эмненин баарын гана уккан жокмун, баарына жемелешип, ал тургай жоолук салынып турсам дагы алар менин зер буюмдарымды алып кетишти”, — дейт  аял.

Прокуратуранын өкүлү аялдын кыйноо жөнүндө арызы боюнча текшерүү жүргүзүшкөнүн, бирок бул ишти ырастай алышпаганын айтты.

Акыйкатчы өз сөзүндө Омбудсмен институту өзүнүн мандатына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгиледи. “Ушул жерде айтылган адам укуктарынын бузулгандыгы боюнча иштерди Акыйкаты институтунун кызматкерлери мониторинг кылып жатат. Мен укук коргоо жана прокуратура органдарын, ошондой эле сот органдарын адамдын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырам”, — деди Акыйкатчы.