«Күнөөнү кызыма оодарып жатат дейт». Депутат эки баласы менен кошо киши колдуу болгон аялдын ишин көзөмөлгө алуу керектигин айтты

«Жогорку Кеңешке 5-кичи райондо зөөкүрдүн колунан 3 баласынан бирдей ажыраган 82 жаштагы эне адилеттик издеп келиптир». Бул тууралуу депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

«Эненин айтканын угуп отурсак, жүрөк тилинет. «3 баламдан ажыраганым аз келгенсип, тергөөдө шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатыптыр. Кызыма балдарын өзү өлтүргөн деген жалаа жаап жатат» дейт. Адилет издеп бизге келиптир. Эртең жыйын өтөбүз. Укук коргоо органдарына эскертүү бергени жатабыз. Ал жазасын алышы керек. Көзөмөлдөө керек», — деди депутат.