«Күнү-түнү иштеш керек». Ташиев Ош-Ноокат жолу 30-октябрда ачылышы керектигин айтты

Кечээ, 18-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө — 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертти. Ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарылдыгын дагы белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.

Ошондой эле, келерки жылдын планына Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, келээрки жылдын акырына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарыларын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.