«Күнүнө 1200 сомдон». Бишкекте троллейбустарга контролёрлорду издеп жатышат

Троллейбустарда накталай эмес төлөмдөрдү көзөмөлдөө үчүн «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы контролерлорду ишке чакырат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Контролёрдун милдетине троллейбустагы накталай эмес төлөмдү жана Тулпар карталарын сатууну көзөмөлдөө кирет. Айлыгы күнүнө 1200 сомдон, ар бир сатылган Тулпар карталары үчүн 10 сом каралган.

Каалоочулар болсо 0312 657 590, 0701 507 700 WhatsApp: 0990 306 076 номурларына байланышса болот.