«Күнүнө 400 бала ооруп келүүдө». Өлкөдө сасык тумоонун кандай түрү жүрүп жатат?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев Саламаттыкты сактоо министрине «Өлкө боюнча эмне оору болуп жатат? Бул сасык тумообу? Анткени азыр ооруканада кезек болуп жатат» деди.

«Азыр сасык тумоонун бир түрү жүрүп жатат. Күнүнө 400 бала катталууда», — деди министр.

Депутат «Сасык тумоонун кайсы түрү? Коронавирустун жаңы түрүбү?» деп сурады.

«Бул ковид эмес. Коронавирус боюнча 5 учур эле катталды», — деди  министр.