Карамык айылынын тургуну: “Аялдарды, балдарды жана карыларды башка жакка көчүрүп жатышат”

Бүгүн, 4-июнда Чоң-Алай районундагы чек арага жакын Карамык, Кара-Тейит жана Жекенди айылдарынын жашоочулары үйлөрүнөн 2 күнгө башка жакка көчүрүлүүдө. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Дастан Орозбаев аттуу Карамык айылынын жашоочусу билдирди.

“Учурда айылдан кары-картаңдар, аялдар жана балдар көчүрүлүүдө. Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон же андан ары өткөн айылдарга барып туруубузду жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти. Көчүрүү иштери башталды. Тийиштүү документтерди жана үйдүн документтеринен тышкары ашыкча нерсе албоону эскертишти. Айыл элине 2 күнгө алыс жакка, жок дегенде 25 чакырым ары көздөй барып тургула дешти”, — дейт ал.

Жогорудагы маалымат боюнча Чек ара кызматына байланышканыбызда эвакуация иштери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алектенерин айтышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо, бул маалыматты Чек ара кызматынан тактоо керектигин билдиришти.