Кыргыз өлкөсүндө жыл башынан бери 500дөй адам жол кырсыгынан каза болду

Кыргыз өлкөсүндө жыл башынан бери 500дөй адам жол кырсыгынан каза болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, 9 ай аралыгында өлкөдө жалпы 4184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болгон. Алардын ичинен балдардын катышуусунда 915 кырсык катталып, 59 өспүрүм каза болгон.