Кыргыз аскер кызматкери жаракат алды. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан бүгүн, 12-апрель күнү чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен кайталанган чыр-чатак орун алгандыгын маалымдашты.

Кечки саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. Кайрадан ок атышуу орун алып 30 мүнөткө жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жаракат алды.

Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады.

УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат.