Кыргыз аскер кызматкерлери Тажикстанда өтө турган ЖККУнун машыгуусуна катышпайт

Кыргыз аскер кызматкерлери Тажикстанда өтө турган ЖККУнун машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, башынан эле бул иш-чарага катышуу пландаштырылган эмес.

Буга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөрүлүүчү командалык-штабдык машыгуусун токтотуу чечимин кабыл алган. Машыгуу Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын октябрында өтүшү керек болчу.