Кыргыз аскерлери Казакстандан эртең кайтышат

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Алматыдан эртең, 14-январда кайтышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, аскерлер түштөн кийин «Ак-Жол» өткөрүү бекети аркылуу чек арадан өтүп, андан ары Токмоктогу туруктуу дислокациясына барышат.

Кыргыз аскерлери Алматыга 7-январда барышкан. Алар ал жакта шаардын 2-ТЭЦин кайтарышты.