Кыргыз аскерлери Казакстандан кайтып келишип, аларды Ташиев өзү тосуп алды

Бүгүн, 14-январда кыргыз аскерлери Алматыдан кайтып келишип, аларды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү чек арадан тосуп алды.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти «Ак-Жол» бекети аркылуу чек араны кесип өтүшүп, андан ары Токмок шаарындагы туруктуу дислокациясына жайгашышат.

Туура бир аптада мурда кыргыз аскерлери Алматыга Кант шаарынан учуп кетишкен. 150 аскер кызматкери менен 8 брондолгон техникадан турган кыргыз күчтөрү 2-ТЭЦти кайтарышты.