«Кыргыз балбандар Парижде тамак ичип отурат» деген видео боюнча түшүндүрмө беришти

«Кыргыз балбандар Парижде тамак ичип отурат» деген видео Бишкекте тартылган. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Марат Тагаев билдирип, видео менен бөлүштү.

«Урматтуу достор, Олимпиада башталгандан бери айрымдар жамандык эле издеп жатышат да, элдин маанайын бузбагылачы сураныч», — деп жазды ал.

Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз спортчуларынын тамак ичип жаткан видеосу тараган. Видеонун Олимпиада оюндарында тартылганы айтылып, коомчулукта талкуу жараткан.