Кыргыз эл акыны Омор Султанов 86 жашында дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 3-апрелде Кыргыз эл акыны Омор Султанов 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980-1986-жылдары Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы жана Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук комитеттин мүчөлүгүнө шайланган. 2007-2009-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы болуп иштеген. Ал «Жаңы Ала-Тоо» журналын негиздегендердин бири (2009).

ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» жана башка даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган. Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, немис жазуучусу Лео Герман менен биргеликте жарыкка чыгарган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.