Коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты. Анда Омор Султановдун өмүрү чыгармачылыгы, мекенчилдиги, ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жылуу пикирлер айтылып, жасап кеткен эмгектери сыймыктануу менен эскерилди. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.
Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.