Кыргыз эл акыны Омор Султанов акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты. Анда Омор Султановдун өмүрү чыгармачылыгы, мекенчилдиги, ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жылуу пикирлер айтылып, жасап кеткен эмгектери сыймыктануу менен эскерилди. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.
Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.