Кыргыз Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 31-декабрда Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды.

Эл акынын акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданияты менен адабиятындагы салмактуу орду, окурмандарга жараткан мыкты чыгармалары менен гана чектелбеген аталык, агалык, адамдык кулк мүнөзү, нукура-насааттуу асыл кептери менен учкул сөздү таамай айткан чыгаан устаттыгы эскерилди.

Сүйөркүл Тургунбаев 29-декабрда 83 жаш курагында узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн кайткан. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда жарык дүйнөгө келген. Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.