Кыргыз Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

29-декабрда 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Ал Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусу) Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылдын 12-июнунда жарык дүйнөгө келген. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун аталган университетти аякагандан соң, 1964-жылы Ош облусуна караштуу Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1966-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970-1984-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинде бөлүм башчы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи кызматтарында иш алып барган.
Сүйөркул Тургунбаевдин кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн мамлекет тарабынан бааланып, 1979-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнө кабыл алынган. 1978-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” наамына, 1990-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына татыктуу болгон. 1995-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер” наамы ыйгарылган. Андан соң, Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.